Кара-Балтадагы спирт заводу эми биоэтанол өндүрүүгө ыктайт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАвтозаправочные станции в Москве
Автозаправочные станции в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Кыргызстандагы заводдор биоэтанол чыгарууга укук аларын айтышты.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кара-Балтада токтоп турган спирт заводу жаңы мыйзам кабыл алынып калса, биоэтанол өндүрүүгө ыктайт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Учурда депутаттар "Биоотун жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулап жатышат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Ал эми айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев эгер мыйзам кабыл алынып калса, кант кызылчасын кайра иштетүүдөн чыккан калдыктардан (патхадан) жылына 15 700 тонна биоэтанол өнүдүрүлөрүн айтты.

Депутат Гүлшат Асылбаева: "Демек бул мыйзам долбоору Кара-Балтадагы спирт заводундагы ишти жөнгө салууга гана багытталганбы, аны башка компаниялар дагы колдоно алабы?" - деп кызыкты.

Чодуев бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аны бардык юридикалык тараптар пайдалана аларын айтты.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
6 млрд. сом түшкөн эмес! Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин планы толбой калды
Чакырылган эксперттердин айтымында, мыйзам боюнча тамак-аш спиртин чыгарган завод биоэтанолду өндүрө албайт. Башкача айтканда, биоэтанол чыгарам деген компания тамак-аш спиртин чыгарууну токтотушу керек.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өндүрүлгөн биоэтанол күйүүчү майдын баасына да таасирин тийгизип, анын арзандашын шарттай турганын айтты.

Депутат Бактыбек Турусбеков күйүүчү майга кошулган биоэтанолдун машиналардын иштөөсүнө таасир берер-бербесине кызыкты.

Өз кезегинде Мурашев "эч кандай таасир бербейт" деп жооп берди.

Бирок эл өкүлү министрдин жообуна канааттанбаганын, куру сөз эмес, атайын машина чыгарган компаниялардын негиздеме корутундусу керектигин белгиледи.

Мыйзам демилгечилери депутаттардын айтылган сунуш-пикирлери экинчи окууда кошулуп, эске алынарына ишендиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0