06:38 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Акча каражаттары. Архив

6 млрд. сом түшкөн эмес! Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин планы толбой калды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
156 0 0

2018-жылга карата республикалык бюджетке 141,5 миллиард сом топтоо планы бекитилген.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин такталган планы дээрлик алты миллиард сомго аткарылбай калды. Бул туурасында каржы министри Бактыгүл Жээнбаева ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы 141,5 миллиард сом өлчөмүндө план бекитилген, бирок жыл жыйынтыгында 135,4 миллиард сом топтолгон.

"Депутат Зиядин Жамалдинов алдын ала белгиленген салыктан 2,3 миллиард, бажыдан 1,8 миллиард, трансферттер боюнча 1,9 миллиард, мамлекеттик мүлктөн 200 миллион сомго аз чогулганын эске салып, бюджеттик план эмне себептен аткарылбай калганына кызыкты", — деп айтылат маалыматта.

Буга жооп берген вице-премьер Замирбек Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле планы сунушталганын белгиледи.

"Планды аткаруу боюнча бардык аракеттер жасалды. 141,5 миллиард сом такталган план болчу, тилекке каршы, ал аткарылбай калды", — деди Аскаров.

Ал эми депутат Кубанычбек Нурматов өлкө аймагына жылына 20 миӊ тоннага чейин мыйзамсыз күйүүчү май алып келинип жатканын кабарлады. Мындан сырткары, ал акциздик маркаларга көзөмөл кылуу милдетин Айыл чарба министрлигинен алып, Салык кызматына өткөрүп берүү зарылдыгын кошумчалады.

Тема боюнча

2019-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд. сом кетет. Үрөй учурган график
Белгилер:
план, депутат, бюджет, Каржы министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ