Кыргызстандагы акчаны киши башына бөлө келгенде канча сомдон тиет? Сандар

Жазылуу
Кыргызстандын калкы ушу тапта 6,4 миллион адамдын тегерегинде.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы акчаны киши башына бөлө келгенде ар бир жаранга 16 миң сомдон туура келет. Өлкөдөгү мамлекеттик органдардагы маалыматтарды анализдегенде ушундай жыйынтыкка келүүгө болот.

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда (2018-жылдын 1-декабрына карата), Кыргызстан калкынын саны 6 миллион 376 миң кишиге жетти.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын запаста канча алтыны бар? Сомго тийгизген таасири
Улуттук банк 1-декабрга карата 106 миллиард 190,4 миллион сомдук каражат бар экендигин көрсөткөн. Булар жүгүртүүдөгү, резервдердеги жана депозиттик уюмдардагы акча.

Аны киши башына бөлө келгенде ар бир кыргызстандыкка 16 миң 654,7 сомдон тиет.

Эске салсак, кыргызстандыктардын 1-январга карата жүгүртүүдөгү акчасы рекорддук көрсөткүчкө жетип, ал жалпысынан 93 миллиард 466,1 миллион сом болгон.

Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик карызынын ички дүң продукцияга болгон катышы туурасында маалыматты төмөнкү инфографикадан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0