13:17 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Мобильник электрондук капчыгынын тиркемеси. Архив

"Мобильник" көйгөйүнө Улуттук банктын реакциясы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
277 0 0

Буга чейин окурмандар кызмат аркылуу акча которуп, өз балансын толтура албай жана каражаттарын ала албай жатканын айтып арызданган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Азыркы маалда "Мобильник" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын артка кайтарып алуу маселеси карала элек. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Буга чейин окурмандар кызмат аркылуу акча которуп, өз балансын толтура албай же каражаттарын ала албай жатканын айтып арызданышкан. Ал эми "Түндүкэлектр" ААКсы 1-февралдан тарта "Мобильник" менен кызматташуусун токтоткондугун кабарлаган. Мындан сырткары, "Альфа Телеком" ЖАКсы (MegaCom бренди) дагы кызмат аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууну токтоткон.

"Улуттук банк "Мобильник" ЖЧКсы менен иш алып барып, Кыргызстандагы акы төлөө системасындагы тобокелчиликтерди азайтуу аракетин көрүүдө. Ал жоопкерчилиги чектелген коомдун маалыматына ылайык, учурда системанын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, кызматташкан тараптардын алдындагы карыздарды төлөө иштерин жүргүзүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Эгер кардарлардын укугун коргоо боюнча маселе жаралса, Улуттук банк жарандарды көрсөтүлгөн тартипте кайрылууну өтүнөт.

Тема боюнча

Кыргызстанда бир уюлдук оператордон экинчисине чалуу арзандады
Улуттук банк жаңы сомду кабыл албай жаткан терминалдар боюнча жооп берди
Белгилер:
лицензия, арыз, Улуттук банк, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ