10:57 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
ЕАЭБ желектери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан ЕАЭБ аркылуу Сингапур менен Израилдин рыногуна чыга алат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (188)
121 0 0

Макулдашуулардын жыйынтыгы ЕАЭБдин ишинин эффективдүүлүгүнөн кабар берери айтылды.

АЛМАТЫ, 1-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн эркин соода зоналары аркылуу жаңы рынокторду тапса болот. Бул тууралуу ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев билдирди.

Ал өкмөт башчылар менен ЕЭКтин көңүлүн Сингапур жана Сербия менен эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимдердин аяктап бара жатканына буруп, Израиль жана Египетке дагы “жол” сала баштоону сунуштады. 

Сагинтаевдин сөзүн Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кубаттады. 

"Соода тармагындагы келишимдерди Сингапур, Египет, Израиль жана Индия менен тез арада түзүшүбүз зарыл", — деди Медведев.

Ал макулдашуулардын жыйынтыгы ЕАЭБдин ишинин эффективдүүлүгүнөн кабар берерин кошумчалады.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (188)

Тема боюнча

Алматыда өткөн ЕАЭБ саммитинде кандай документтерге кол коюлду? Тизме
Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Программа
Белгилер:
соода, келишим, Бакытжан Сагинтаев, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ