Кыргызстандагы IT-компаниялары Россиянын тендерлерине катыша алат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Лаборатория Касперского"
Лаборатория Касперского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурда Россияда айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

АЛМАТЫ, 1-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү IT-компаниялар үчүн Россиянын тендерлерине катышууга бирдей шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда билдирди. 

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда
Кыргызстандагы IT-компаниялары Россиянын тендерлерине катыша алат - Sputnik Кыргызстан
Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда

Иш-чара бүгүн, 1-февралда, Алматы шаарында (Казакстан) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык жыйынынын алкагында өтүүдө.

"Негизги талап — компания программалардын бирдиктүү реестрине киргизилиши керек. Тендер биздин мыйзамдардын негизинде көзөмөлгө алынат. "Бешилтик" мамлекеттериндеги компаниялар ресстрге катталуу менен Россиянын рыногуна кирип тендерге катыша алат", — деди Медведев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда IT-технология тармагы активдүү өнүгүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0