Абылгазиев: маморгандар алтын кенин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарууга кызыкдар

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн биринчи адамдары стратегиялык тармактагы коррупциялык иштерге нааразы.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Көптөгөн мамлекеттик органдар алтын кендерин өлкөдөн алып чыгууга кызыкдар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга тоо-кен тармагынан эң көп киреше түшкөн мезгил айтылды
Кыргызстандан курамында алтын бар кенди алып чыгуу үчүн Экономика министрлигинин атайын уруксатын алып, салык төлөнүшү керек. Бирок кенди өлкөдөн мыйзамсыз чыгарган учурлар бар. Бул маселени президент Сооронбай Жээнбеков козгоп, коррупциялык схемаларга аткаминерлердин катыштыгы бар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкө башчы бул көрүнүш менен күрөшүүнү талап кылды.

Президенттин сөзүн өкмөт башчы дагы колдоого алды.

"Бул коррупциянын бир түрү. Жер байлыгын колдонуу комитети менен бажынын маалыматтары эки башка чыгып жатат. Бардык мамлекеттик органдар кенди өлкөдөн чыгарууга кызыкдар. Муну жок кылыш керек", — деди Абылгазиев.

Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы негизги маселе — жер байлыгын колдонуудагы коопсуздук.

Жаңылыктар түрмөгү
0