Жалал-Абадда заманбап логистикалык борбор ишин баштады

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОткрытие логистического центра в Джалал-Абаде
Открытие логистического центра в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жайда 400 тоннага чейин азык-түлүк сактоого болот.

ЖАЛАЛ-АБАД, 25-янв.— Sputnik. Жалал-Абад шаарына 400 тоннага чейин азык-түлүк сактоочу логистикалык борбор курулду. Азыр борбордо картошка, алма, капуста жана башка мөмө-жемиштер сакталууда. Бул тууралуу борбордун негиздөөчүсү Гүлназ Эргешова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кызылча талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик быйыл эмне эгүү керектигин айтты. Картошкадай болбосо экен...
Анын айтымында, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кириши менен айыл чарбасын өнүктүрүү жана өндүрүлгөн азык-түлүктү экспорттоо, дыйкандын мээнетин кайтаруу максатында жер-жерлерге айыл чарба азыктарын сактоочу логистикалык борбор ачуу маселеси коюлган.

Логистикалык борборду куруу өзбекстандык инвестор менен биргеликте ишке ашырылган. Ага жалпы 110 миң доллар жумшалды.

"Учурда сакталып турган азык-түлүктүн көлөмү 120-130 тоннага жетип калды. Быйыл өзүбүздүн күчүбүз менен сатып алынган продукция сакталууда. 4 камерада тең мөмө-жемиш бар. Борборду дыйкандарга ижарага берели деп жатабыз. Алар өндүргөн продукциясын жазга чейин сактай алышат. Келечекте дыйкандар үчүн, биз үчүн жакшы жыйынтык берет деген үмүттөбүз. Борбор облуста алгачкы болуп курулду", — деди Эргешова.

Технолог адис Тилек Мамасеитов белгилегендей, эреже боюнча бир камеранын ичине бир түрдөгү гана жемишти сактоого болот. Муздаткычтын биринде пекин капустасынан 20 тонна сакталууда. Анткени алардын сактоо мөөнөтү жана нормалык температуралары ар башка. Мисалы, картошканы 4 айга чейин, алманы 6 ай, капустаны 90 күнгө чейин муздаткычта сапатын жоготпой кармап турууга болот.

"Бизде пекин капустасы —15 градуста сакталат. Бардык нерсени өз технологиясы менен сактаса жакшы эмеспи. Логистикалык борбордун артыкчылыгы мына ошондо. Базар баасы жогорулаганда гана сатыкка чыгарылат", — деди Мамасеитов.

Ал кошумчалагандай, мындай борбордун ачылышы айыл чарбасынын дараметин көтөрүүгө чоң өбөлгө боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0