Казакстан: Кыргызстан менен иштешүүгө бош тармактарды иликтеп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековВсемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле
Всемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуу 10 пайызга өстү.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Казакстан Кыргызстан менен биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн 50гө жакын перспективдүү тармакты иликтеп жатат. Бул тууралуу Казакстандын улуттук экономика министринин орун басары Айбатыр Жумагулов Бишкекте өтүп жаткан "Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору" экономикалык форумунда айтты.

"Учурда Казакстан менен Кыргызстандын биргелешкен 180 ишканасы бар. Бирок казак адистери ушуну менен токтоп калбай, дагы башка тармактарды иликтеп жатат. Алардын айтымында, бизге иштешүүгө ыңгайлуу 50дөй багыт бош турат", — деди Жумагулов.

Министрдин орун басары Казакстандын статистика агенттигинин маалыматына таянып айтканына караганда, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуу 10 пайызга өстү.

Вице-премьер Жаңиш Разаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Разаков: чет элдиктер менен иштегиси келген ишкерлерди өкмөт колдойт
Ошондой эле казак адистери азыркы учурда иштелип жаткан 20 позиция боюнча товар айлантуунун көлөмүн мындан дагы көбөйтсө болорун айтышууда.

Мындан тышкары, ал Казакстан транспорт, чек ара жана фитосанитардык көзөмөл жааты боюнча кол коюлган ЕАЭБдин жол картасын сапаттуу ишке ашырууну көздөй турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ушул тапта Бишкекте Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Түркия сыяктуу ондон ашык мамлекеттин бизнес өкүлдөрү катышкан экономикалык форум өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0