Премьер Абылгазиев Кыргызстанда трансформатор чыгарууну сунуштады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТрансформатор. Архив
Трансформатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эл арасында "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" ишмердигинин натыйжалуулугу боюнча сындар айтылып жатканына токтолду.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагын реформалоо боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев эл арасында "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" ишмердигинин натыйжалуулугу боюнча сындар айтылып жатканына токтолду.

"Ошого карабастан бул маселелерди чечүү боюнча маанилүү жылыштар жок. Буга чейин алынган насыялык каражаттарды тейлөө, энергетикалык компаниялардын негизги каражаттарын, ошондой эле тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди жаңылоо маселелери курч турат", — деди ал.

Премьер энергетика тармагындагы мамлекеттик башкаруу тутумуна айрыкча көңүл бурду.

Нефтебаза. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мунайды Казакстандан бажы төлөмүсүз ташуусу ыктымал
"Биринчи кезекте биз жарандарыбыздын энергетика тармагына карай ишенимин кайтарып, бардык коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, тармак ишинин ачык-айкындуулугун камсыздообуз керек. Мунун бардыгы бирдиктүү, сапаттуу стандарттар боюнча жаңы автоматташтырылган тутумдун ишке киргизилиши менен жүзөгө ашырылат", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев, андан сырткары, энергетикалык тармак үчүн жабдуулардын басымдуу бөлүгү чет өлкөдөн сатылып алынарын белгиледи. Андыктан аны эске алуу менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында "акылдуу эсептегичтерди", кабелдик продукцияны, трансформаторлорду жана башка техниканы чыгаруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0