Финпол: "Акнет" мамлекетке 150 миллион сом төлөп берди

© Sputnik"Акнет" компаниясынын сайты
Акнет компаниясынын сайты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки ай мурда ишкана салык төлөөдөн качып жатат деген шек саноо менен тинтүүгө алынган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Акнет" ЖЧКсы мамлекетке келтирген зыянынын ордун толтуруп, 150 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.

2018-жылдын ноябрь айында интернет-провайдердин башкы кеңсеси тинтүүгө алынган.

КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") менен кылмыш иши козголгон.

"Кылмыш ишинин алкагында "Акнет" ЖЧКсынын салык документтери текшерилген. Жыйынтыгында ишкана тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталып, 150 миллион сом төлөнүп берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: "Солнечный берег" пансионатынын ээси 82 млн. сомдук чыгымды кайтарды
Маалыматка караганда, учурда компания адаттагы режимде иштеп жатат. Тергөөчүлөрдүн текшерүүсү кызмат көрсөтүү сапатына залакасын тийгизбейт.

"Акнетке" каршы кылмыш иши

2018-жылдын 22-ноябрь күнү Финансы полициясы "Акнеттин" кеңсесин тинтүүгө алган. Буга компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитовдун аталган кызматка кайрылуусу себеп болгон. Ал ишкана кирешесин жашырып жатат деп даттанган. Эртеси күнү провайдердин абоненттери компанияны "рейдерлик басып алуу" болгондугу тууралуу маалымат алышкан. Бирок кийин билдирүү жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0