УКМК: "Солнечный берег" пансионатынын ээси 82 млн. сомдук чыгымды кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда "Солнечный берег" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сом чыгым тарттырганы айтылган болчу.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Солнечный берег" пансионатын мыйзам бузуу менен баасынан арзын сатып алды делген жаран мамлекет тарткан 82 миллион 750 миң сомдун ордун толтуруп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Калыс-Ордо конушундагы №86 мектеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов менен Ибраимовдун мектеп боюнча иши тергелип бүттү
Эске салсак, экс-калаа башчы Албек Ибраимов 2018-жылдын июль айында камакка алынган. Ал "ТНК Дастан" ААКы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") боюнча козголгон кылмыш иштин фигуранты эле. Иликтөө маалында Ибраимов аталган ишкананын башкармалыгынын төрагасы болуп туруп, коргонуу багытындагы каражатты сатып алуу үчүн ири суммадагы каражат кетчү келишим түзгөн. Ушул эле кылмыш иштин алкагында "Солнечный берег" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сом чыгым тарттырганы айтылган болчу.

"152 миллион сом — бул пансионаттын жалпы баасы. Сатып алуучу 82 миллон 750 миң сом жеткирбей төлөгөн. Эми чыгымдын ордун толугу менен толтуруп берди", — деп түшүндүрүштү УКМКдан.

Ошондой эле КРдин Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Ибраимовго айыбы кайрадан угузулганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0