Мамлекеттик пошлина азайышы керек! Конституциялык палатанын чечими

Жазылуу
Өкмөткө ушул жылдын 16-апрелине чейин жобого оңдоп-түзөөлөр боюнча демилге алып чыгуу тапшырылды.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Конституциялык палата өкмөткө жарандар сотко кайрылууда төлөчү мамлекеттик пошлинаны азайтуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу 16-январь күнү чечим кабыл алынды.

1994-жылдагы жобого ылайык, доо арызды жазган адам 10 миң сомдон ашык каражат талап кылса, анын 10 пайызын мамлекетке төлөп бериши зарыл.

"Төлөмдүн жогору болгондугу үчүн айрым жарандар сотко кайрыла албай, укугу тебеленип жатат. Мындан улам айрымдар тиешелүү жоопкерчиликтен кутулуп кетүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам палата өкмөткө ушул жылдын 16-апрелине чейин жобого оңдоп-түзөөлөр боюнча демилге алып чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0