Картошканы эптей албай жатканда... Коңшулар экспорт боюнча дүйнө лидери болушту

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСбор урожая в Свердловской области
Сбор урожая в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан АКШга коон ташыса, Казакстан буудай экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидерлердин ондугуна кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ушу тапта Кыргызстанда картошка дүңүнөн 5 сомдон жогору сатылбай, дыйкандар убара тартып жаткан кез.

Былтыр өкмөт Өзбекстан менен ири көлөмдө картошка экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга дал ушул жашылчаны эгүүнү сунуштаган. Эми минтип карапайым эл 100 тоннага чейин түшүм алгандан кийин татыктуу баада сатып алчу кардар таппай карайлап турат.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Укук берилсин, болбосо жоюлсун! Айыл чарба министрлигинин иши ЖКда талкууланды
2018-жылдын декабрь айынын орто ченинде министр Нурбек Мурашев жакынкы күндөрү картошканын баасы калыбына келерин айтып, өзбек тарап 320 миң тонна картошка алганы жатканын кошумчалаган

Бирок жакынкы күндөрү кайрадан Айыл чарба министрлигине баш бакканыбызда, министр "өкмөт картошка баасын көтөрүү үчүн болгон аракетин кылганын, бирок бааны базар аныктай турганын" айтып алакан жайды. Демек, дыйкандар эмгегин талаага кетирип, картошкасын 5 сомдон сатууга аргасыз.

Эмнеге мындай кырдаал түзүлдү? Совет доорунда башка өлкөлөрдөн кем калышпай, ар тармагыбыз күпүлдөп иштеп келбеди беле. Агезде Кыргызстанда беш жүздөн ашуун ири ишкана ачылып, өндүргөн товарлар ондогон чет өлкөгө жөнөтүлүп турган. Мисалы, бизде качандыр бир кезде антибиотик, патрон, кир жуучу машина жана ЭВМ (ЭЭМ) чыгып турганына азыр ишенүү кыйын.

Башка тармагын тим эле коелу, коңшу жана союздаш өлкөлөрдүн (ЕАЭБ) айыл чарбасында эмне кеп болуп жатканына кызыгып көрдүк.

Казакстан

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКазакстан жылына буудайдан 18-20 миллион тонна түшүм алат
Уборка пшеницы в Калининградской области - Sputnik Кыргызстан
Казакстан жылына буудайдан 18-20 миллион тонна түшүм алат
Казакстандын айыл чарба продукциясын 70 мамлекет сатып алат, өзгөчө буудайына суроо-талап чоң. Бир топ жылдан бери дүйнө жүзүндөгү ири буудай экспорттоочулардын ондугуна кирип, 2017-2018-жылдары 9 миллион тонна буудай саткан. Негизи жылына бул дандан 18-20 миллион тонна түшүм алат.

Өзбекстан

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүӨзбекстан 2017-жылы биринчи жолу АКШга коон экспорттоду
Сбор урожая в Абхазии - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан 2017-жылы биринчи жолу АКШга коон экспорттоду
Бул коңшубуз дагы дүйнөлүк экспорт боюнча лидерлердин катарына кирет, бирок буудай эмес, "ак алтын" өндүрүү жагынан. Акыркы жылдары экспорттун көлөмү азая түшкөнү менен бир топ жылдар бою пахтаны эң көп өндүргөн 10 өлкөнүн катарында жүрчү. Анткен менен өзбек тарап дүйнөнүн башка рынокторун ача баштады. Мисалы, 2017-жылы биринчи жолу АКШга коон экспорттоду

Тажикстан

© Sputnik / Утарбеков / Медиабанкка өтүүТажиктер пахта өстүрүү боюнча лидер өлкөлөрдүн катарында
Уборка хлопка в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Тажиктер пахта өстүрүү боюнча лидер өлкөлөрдүн катарында
2018-жылдын тогуз ай ичинде (январь-сентябрь) айыл чарба продукцияларынын экспортун эки эсеге көтөрүп, 17 миллиард 755,7 миллион сомониге (1,8 миллиард доллар) саткан. Баса, бул сумма Кыргызстандын Кытай алдындагы карызына барабар (2018-жылдын сентябрь айынын аягына карата КРдин Кытайга болгон бересеси 1,7 миллиард доллар). Тажиктер пахта өстүрүү боюнча дагы мыктылардын катарында, мисалы, 2017-жылы 400 миң тонна "ак алтын" өндүргөн.

Белоруссия

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБелоруссия 2017-жылы сүт азыктарын эскпорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн ичине кирди
Производство молочных продуктов в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Белоруссия 2017-жылы сүт азыктарын эскпорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн ичине кирди
Айыл чарба продукциясын дүйнөнүн 80 мамлекети сатып алат. 2017-жылы сүт азыктарын эскпорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирген (7,321 миллион тонна). Баса, 1990-жылдарда "бул өлкөнүн жерине буудай жакшы өспөйт" деп айтылчу. Азыр белорустар өз буудайынан жасалган ысык нанды Иерусалимге экспорттошот. Кантип дебейсизби? Нанды 95 пайызга бышырып туруп, өздөрүндө эле ойлоп табылган технология менен тоңдуруп салышат. Нанды Иерусалимге жетери менен ысык мешке бир нече мүнөткө салышат дагы кардарга сунушат.

Армения

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрмяндардын "Арарат", "Двин", "Ахтамар", "Ноев ковчег" сыяктуу коньяктары өзгөчө бааланат
Продажа алкогольной продукции в Москве - Sputnik Кыргызстан
Армяндардын "Арарат", "Двин", "Ахтамар", "Ноев ковчег" сыяктуу коньяктары өзгөчө бааланат
Армения дүйнөгө шарап, коньяк жана жер-жемиши менен белгилүү. Бул өлкөнүн айыл чарба азык-түлүгүнө көбүнесе Россия, Грузия, БАЭ, Украина жана Белоруссияда суроо-талап күч. Мисалы, 2017-жылы Армения жети ай ичинде (январь-июль) 65 миң тонна жер-жемиш экспорттосо, анын 62 миң тоннасы Россияга жиберилген. Мындан тышкары, чет элдиктер арасында армяндардын "Арарат", "Двин", "Ахтамар", "Ноев ковчег" сыяктуу коньяктары өзгөчө бааланат.

Россия

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссия 2018-жылы буудай экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты
Уборка пшеницы в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Россия 2018-жылы буудай экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты
Россия 2018-жылы буудай экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Былтыр жалпысынан кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү 109 миллион тоннага жетсе, анын ичинен 33-34 миллиону буудай болду. Азырынча буудай экспорту боюнча расмий рейтингдин башында жылына 36,8 миллион тонна өндүргөн АКШ турат. Бирок батыш ЖМКлары орус буудайынын баасы алда канча арзан болгондуктан көп өлкөлөр ага ооп, америкалык дыйкандардын иши татаалдай баштаганын жазып чыгышты.

Кытай

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКытай арыктап бүткөн жерин заманбап ыкма менен семиртип, түшүмдүүлүктү 10 пайызга өстүрдү
Уборка картофеля в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Кытай арыктап бүткөн жерин заманбап ыкма менен семиртип, түшүмдүүлүктү 10 пайызга өстүрдү
Россиянын дан эгиндерди көбүрөөк экспорттой баштаганы Кытайдын айыл чарбасына дагы таасирин тийгизиптир. Мисалы, бир топ жылдан бери буудай, арпа, картошка, чай, пахта, жаңгак экспорту боюнча эч кимди алдына салбай келген Кытай былтыр Россиядан эң көп буудай алган 10 мамлекеттин катарына жакындады. Азыр Кытай буудайдын ордуна дарбыз, коон сыктуу жемиштерди көбүрөөк өстүрүп, экспорттоп келет. Атургай эрозияга айланып, арыктап бүткөн жерине заманбап ыкма жана жер семирткичтерди колдонуп, акыркы 15 жыл ичинде түшүмдүүлүктү 10 пайызга өстүрүп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0