Масалиев: карызды кечүү мыйзамында ири компаниялардын кызыкчылыгы көздөлүүдө

Жазылуу
Мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип, добуш аркылуу чечилмей болду.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" мыйзам долбоору айрым ири компаниялардын кызыкчылыгын коргоп жатканын айтты.

Анын айтымында, социалдык коргоо фондусунун маалыматы боюнча карызкор ишканалардын айып тууму 409 миллион сом экенин, анын ичинде 12,5 миллиону дыйкандарга таандык экенине токтолду.

"65 ишкананын жеке кызыкчылыгын коргоо үчүн чыгарылган мыйзам болуп жатат. 409 миллион сом айып тууму болсо, анын 12,5 миллиону гана дыйкандарга тиешелүү. Калгандары ири компаниялардыкы болууда. Дыйкандардын атын жамынып алып, ири компаниялардын кызыкчылыгын коргоп жаткан жокпузбу?" — деп суроо салды депутат.

Кыргызская валюта. - Sputnik Кыргызстан
Соцфонд чогулбай калган 3,5 млрд. сомдун пайызын кечүүнү сунуштоодо
Аталган мыйзам долбоорунда жеке компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөндөй белгилер болуп жатканын, андыктан бул мыйзам коррупцияга каршы күрөшүү боюнча экспертизага жөнөтүлүшү керектигин кошумчалады.

Депутат ошондой эле "компания банкрот болуп калыптыр, кыйналып калыптыр" дей берүүнү токтотуу керектигин айтып, карызды кечүүнүн өзүнүн жол-жобосу бар экенин белгиледи.

Мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип, добуш аркылуу чечилмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0