Кыргыз-өзбек темир жол ишканаларынын алакасында кезектеги жеңилдетүү болду

Жазылуу
Өзбекстан негизги басымды "Кыргыз темир жолунун" түштүк бөлүмү аркылуу өткөн жүктөргө жасаган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Өзбекстан темир жолдору" ишканасы бир катар транзиттер боюнча "Кыргыз темир жолу" компаниясына 2019-жылга карата жүктүн бардык түрлөрүн ташууга жеңилдиктерди карады. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.

— Ходжадавлет аталышындагы эл аралык мамлекеттик жай аркылуу өтсө, 35 пайыз;

— Каракалпакстан аталышындагы эл аралык мамлекеттик жай аркылуу өтсө, 40 пайыз жеңилдик каралары айылган.

"Кыргыз темир жолунун" түштүк бөлүмүнөн аркылуу өткөн транзиттик жүк 2019-жылга карата төмөнкү көлөмдө каралган.

— 200 миң тонна мунай заттары, 60 миң тонна тактай жана таарыла турган материалдар, 35 миң тонна майдаланган дан азыктары. Бул суммада ташылса, 30 пайыздын ордуна 35 пайыз менен жеңилдик берилет.

Мындай жеңилдиктер Кыргызстан менен Өзбекстандын ишканаларынын ортосунда жүк ташууларды арттыруу максатында 2018-жылдын 24-декабрында Ташкент шаарында кол коюлган протоколдун негизинде болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0