Борбор Азияда күйүүчү май эң кымбат Кыргызстанда сатылат. Рейтинг

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бензинди эң эле кымбат сатып алган Гонконгдун тургундары, ал жакта бир литри 2,04 доллар турат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Америкалык Global Petrol Prices аналитикалык басылмасы күйүүчү майдын баасы төмөн өлкөлөр боюнча жаңыланган рейтингди жарыялады.

Анда Кыргызстан өткөн жылдын октябрь айындагы рейтингге салыштырмалуу бир позиция төмөн түшүп, 23-орунду ээлеген.

Эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстанда бензиндин орточо баасы 67 центтен бааланган. Салыштыруу үчүн алсак, учурда дүйнөдө орточо эсеп менен бензиндин бир литри 1,17 доллардан сатылууда.

Республиканский выпускной вечер в Чечне - Sputnik Кыргызстан
Туура эмес тамактануудан өлүм көп катталган өлкөлөр. Кыргызстан 3-орунда
Эң арзан деп мурункудай эле Венесуэла табылган. Бул өлкөдө бензиндин литри болгону бир цент. Суданда болсо күйүүчү майдын баасы 20 центке төмөндөп, 13 центти түздү. Ал эми 29 центке бааланган Иран үчүнчү сапта турат.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан жалпы эсепте 7-сапта турган Түркмөнстан лидерлик кылат. Бул жакта бензин 43 центтен сатылат. Андан кийин Азербайжан (9-сапта) 0,47 доллар, Казакстан 0,48 доллар, Өзбекстан 0,54 доллар. Ал эми Кыргызстанда баа эң жогорку экени белгилүү болду. Өлкөдө баа 0,67 долларга бааланган. Тажикстандагы баалар рейтингде көрсөтүлгөн эмес.

Бензинди эң эле кымбат сатып алган Гонконгдун тургундары, ал жакта баа 2,04 доллар турат.

Кыргызстандагы ири күйүүчү май тармагынын расмий сайтындагы маалымат боюнча Бишкекте азыркы тапта АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын орточо баасы 42,5 сом, дизель майы — 45,5, суютулган газ 24, 80 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0