Башкы прокурор: мамлекеттик сатып алууларда бюджеттик каражатка кол салынып жатат

Жазылуу
Мындай көйгөйлөр саламаттык сактоо системасында, тамак-аш, дары-дармек жана кымбат баалуу медициналык жабдууларды сатып алууда орун алып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгында Координациялык кеңешме өтүүдө.

Бул жыйында мамлекеттик сатып алуулар жана саламаттык сактоо системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер каралары айтылды.

Башкы прокурор бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар маселесиндеги көйгөйлөр актуалдуу бойдон калып жатканына токтолду.

"Мамлекеттик сатып алуулар электрондук портал аркылуу ишке ашып жатканы менен, тилекке каршы, көптөгөн мыйзамсыз сатып алууларды жүргүзүү жана бюджеттик каражатка кол салуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык жасалмачылык, мамлекетке зыян алып келүүчү келишимдерди түзүү фактылары орун алууда. Мунун баары мамлекеттик бюджеттин абдан чоң зыянга учурашын шарттайт. Мындай көйгөйлөр саламаттык сактоо системасында да тамак-аш, дары-дармек жана кымбат баалуу медициналык жабдууларды сатып алууда орун алып жатат", — деди Жамшитов.

Ал ошондой эле Координациялык кеңешмеде каралган маселелер маанилүү жана актуалдуу экенин айтып, коррупцияга каршы аёосуз күрөшүүгө багытталарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0