Картошка кайгысы: дыйкандарды мукураткан министрлик качан кыймылдайт?

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОптово-розничный рынок "Привоз" в Симферополе
Оптово-розничный рынок Привоз в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дыйкандар өкмөттүн буга чейин баа кымбаттайт деген сөзү алигиче ишке аша электигин айтышууда.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун дыйкандары ушу тапта жыйналган картошкасын сата албай, убара болуп жатышат. Бул тууралуу фермерлер Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты.

Дыйкандардын айтымында, учурда картошка сатып алам деген кардар жок. Андыктан жайы менен төккөн мээнеттин акыбети кайтпай, тургундар ара жолдо калабызбы деп тынчсызданууда. Мисалы, бир гектарга картошка айдап чогултууга эле 50-60 миң сом кетет. Ал эми сапаттуу үрөнгө да аз акча кетпейт.

"Эң эле арзан үрөн 25 сомдон, болбосо көпчүлүк 90-100 сомдук элита сортторун алат. Алармандар күзүндө картошканын баасы 7 сом деп, кийин 4-5 сом деп жатышкан. Эми ошол баага да сатып алган киши жок. Картошканы сактоочу жайларга май айына чейин коюуга мүмкүн болгону менен өнүп, сапатын жоготушу ыктымал. Бардыгынын эле аны сактагыдай шарты жок", — дейт дыйкандар.

Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев быйыл район боюнча 9200 гектар жерге картошка эгилгенин, гектарынан 197 центнерден түшүм алынып, жалпысынан 180 миң тоннадан ашык картошка жыйналганын белгиледи. Кайсы жерге барбайлы, кайсы айылдын тургундары менен жолукпайлы, картошка маселеси көтөрүлүүдө. Бул боюнча өкмөт тийиштүү чара көрүп жатканына карабай элде суроо көп. Алар "Айыл чарба министрлиги айткан Өзбекстандын 17 фирмасы биздин аймакка качан келет?" деп сурашууда", — деди ал.

"Биздин анализ боюнча жылына 82 миң тоннадан ашуун картошка сатылчу. Азыр анын баасы төмөн болуп жатканы өтө чоң көйгөй болууда. 

Теплоключенко айылдык кеңешинин төрагасы Эрнис Темиров Айыл чарба министрлиги күздө берген убадасын кышка чейин аткарбай жатканына токтолду.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял главу Минсельхоза Нурбека Мурашева - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков картошканын баасынан улам Айыл чарба министрлигин зекиди
"Ак-Суу району республикабызда картошканын мекени катары бааланып, жаңы чыккан сортторду алып келип, өздөштүрүп, көбөйтүп, ошону элге жайылтуу аракетин көрүп келет. Эл да ошого көнгөн. Техниканын баары ошого ыңгайлашкан. Түшүмдүүлүк эле эмес, сапаты боюнча да алдыңкы ордунда. Бирок ошол картошканы элеттиктер кайда алып барарыбызды билбей жатабыз. Бизден жогоркулар да билбейт. Өкмөт жактан да эч кандай көңүл жубатарлык жооп укпай келебиз. Декабрь келди. Айыл чарба министри телевидениеге чыгып "10 күндүн ичинде картошканын баасы жогорулайт" деди эле. Бир жарым ай болду, жыйынтык жок. Андан сырткары, президентибиз да министрликке тапшырма берген. Андан бери эмне болуп жатат, эч нерседен кабарыбыз жок. Ал эми эл күндө айыл өкмөткө, айылдык кеңешке келип, көз жаш төгүп, эшик жыртып жатышат. Азыр картошканын үшүгөнү үшүп, чиригени чирип кетти", — деди ал.

Белгилей кетсек, октябрь айынын ортосунда Айыл чарба министрлиги чындап эле баа бир жумадан кийин көтөрүлөрүн айтып, элди ишендирген болчу

"Картошканын баасы сөзсүз жогорулайт"

Айыл тургундарынын көйгөйүн уккан соң Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевден картошканы сатып өткөрүү боюнча кандай аракеттер болуп жатканы тууралуу маалымат алды.

Министрдин айтымында, азыр картошканын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга экспорттолууда. Акыркы бир жумада күн жылуу болгондуктан Өзбекстанга Түндүк Казакстандан жана Россиядан картошка темир жол аркылуу көп келип, баа кескин төмөндөп кеткен. Мурашев картошканын арзандап кетиши убактылуу көрүнүш экенин, күн сууктаары менен баа көтөрүлөт деп ишендирди.

"Азыр Россия менен Түндүк Казакстанда суук болуп калды. Вагон менен да, машина менен да ташуу пайда алып келбей калат. Бул учурда бизден картошканы экспорттоо Россия менен Түндүк Казакстанга караганда оңой жана пайдалуу болот. Андыктан биздеги картошканын баасы өз калыбына келет. Өзбекстан буга чейин 17 компаниянын тизмесин берген, кошумча дагы 45 компаниянын тизмеси келди. Ошол компаниянын бардыгы Өзбекстанга картошка импорттоого уруксат алышкан. Өзбек тарап силерден 320 миң тонна картошка алабыз деп жатат", — деди министр.

Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Төө буурчактын баасы көтөрүлөбү? Таластык дыйкандардын арыз-муңу
Мурашев негизинен ноябрь, декабрь, январь, февраль жана март — беш ай бою ушул 320 миң тоннаны, айына 50-60 миң тоннадан экспорттоого мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

Айыл чарба министринин айтканы боюнча Кыргызстан 2016, 2017-жылдагы түшүмдү толугу менен Өзбекстанга саткан. 2017-жылы 83 миң гектарга картошка айдалса, 2018-жылы 84 миңден ашыгыраак гектарга эгилип, былтыркыга салыштырмалуу 82 миң тонна көп жыйналган. Түшүмдүн мол болушу да баага терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Министрликтин жүргүзгөн анализи боюнча Кыргызстанда жылына 1,5 миллион тоннадай картошка жыйналып, анын 500-600 миң тоннасы экспорттолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0