БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын октябрь айында Кыргызстандан сыртка чыккан акчалардын агымы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул туурасында Улуттук банктын отчетунда маалымдалат.
Кеп жеке тараптардын которгон каражаттары туурасында болуп жатат.
Улуттук банктын сайтында 2005-жылдан берки маалыматтар камтылган. Соңку айларда сыртка чыккан акчалардын агымы рекорд коюп, сентябрь айында 52,1 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч кайра дагы жогорулап отуруп октябрда 56,4 миллион долларга жетти.