2019-жылга карата күйүүчү майдын баасы чечилди

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май. Архив
Күйүүчү май. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселе Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсүнөн кийин премьер-министрдин кийлигишүүсү менен чечилди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россиядан күйүүчү майды бажы алымдарысыз алып келүүгө шарт түзгөн келишимге кол коюлганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Базардагы азык-түлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коңшулар чек арасын жаап алса, Кыргызстандын тамак-ашы канчага жетет?
Эскерте кетсек, 3-декабрь күнү нефтетрейдерлер 1-октябрда Россия менен индикативдик балансты макулдашып, тиешелүү документке кол коюшу керектигин, маселе али күнчө чечилбей жатканын айтып коңгуроо каккан.  Маалыматта мындан улам 2019-жылдын 1-январынан тарта бажы алымынан улам күйүүчү майдын бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экени белгиленген. Ассоциациянын бажы алымысыз алып келинүүчү майдын көлөмүн жогорулатуу сунушу Россия тараптан колдоо тапкан эмес. Кийинчерээк Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети Россиянын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кийинки жылдагы көлөмдү быйылкынын деңгээлинде калтырууну макулдашкан.

"6-декабрда Кыргызстандын премьер-министринин кийлигишүүсү менен индикативдик баланска эки тараптуу кол коюлду. 2019-жылга карата күйүүчү майдын маселеси чечилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Нефтетрейдерлер республиканы күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешти.

Бул жылы 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 100 миң тонна авиакеросин, 50 миң тонна нефть ташып келүү белгиленген. Эми күйүүчү май 2019-жылы да ушундай эле көлөмдө келет. Россия эгер Кыргызстанда күйүүчү майга болгон талап күчөсө, белгиленген планды карап чыгууну убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0