Кыргызстанга Европа биримдигинен 10 млн. евро грант келди. Акча эмнеге жумшалат

© AFP / PHILIPPE HUGUENЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕБ Кыргызстанга 30 миллион евро бөлгөн. Бул ошол сумманын жыйынтыктоочу бөлүгү.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанга Европа биримдигинен (ЕБ) билим берүү тармагын бюджеттик колдоо үчүн 9,3 миллон 375 миң евро суммасында грант келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Каражат 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн сарпталат.

"Тагыраагы, жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системаларын реформалоого, билим берүүнүн жана педагогикалык стандарттардын сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системасын каржылоого жана бардык мектептерди интернетке туташтырууга жумшалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Негизинен бул максатта ЕБ Кыргызстанга 30 миллион евро бөлгөн. Бул ошол сумманын жыйынтыктоочу бөлүгү. Буга чейинки 20 миллиону эки транш менен 2016 жана 2017-жылдардын декабрь айларында келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0