Жээнбеков 2040-жылдагы ЕАЭБди кандай элестетерин айтып берди

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык бирикмесине мүчө болгон өлкөлөрдүн жарандары кандай артыкчылыктарга ээ болорун айтып берди.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Россия 24" телеканалына берген интервьюсунда 2040-жылдагы Евразия экономикалык бирикмесин кандай элестетерин айтып берди.

Журналист Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы бар экенин белгилеп, ошол убакта ЕАЭБ менен Евразия экономикалык бирикмесинин жетишкендиктери тууралуу эмне деп кыялданарын сурады.

"Чек арасы менен чек арачылары жок Евробиримдиктей элестетем. Өлкө жарандары бирикмедеги мамлекеттерге эркин кирип-чыгып, медициналык, билим жана башка кызматтарды ала башташат. 2040-жылы өлкөлөрүбүз дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет деп ойлойм. ЕАЭБдин келечегине, мүмкүнчүлүктөрүнө бекем ишенем", — деди Жээнбеков.

Президент акырындык менен ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы пайда болорун, бирок буга бизнес макул болушу керектигин белгиледи. Жээнбеков сөзүн жыйынтыктап жатып ЕАЭБдин курамы кеңейиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0