Президенттер кээде уруша кетебиз. Жээнбеков ЕАЭБдин пайдасы тууралуу

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон үч жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногунда Казакстан, Россия жана Белоруссия менен атаандаша аларын далилдеди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын "Россия 24" телеканалына маек берип жатып айтты.

Кыргызстан ЕАЭБге кирүү менен кандай пайда көрдү деген суроого жооп берип жатып, өлкө башчы биримдикке каршы чыккандар эки нерседен чочулашканын белгиледи. Биринчиси — тамак-ашка болгон баанын өсүп кетиши мүмкүн делсе, экинчиси — атаандаштыкка туруштук бере албаган жергиликтүү өндүрүш жабылып калат дегендер болгон.

"Туура чечим кабыл алганыбызды убакыт көрсөттү. Көптөгөн азык-түлүк арзандады. Анткени ишкерлер жаңы рынокторду көрүп, активдүү иштей баштады. Кыргызстандын тышкы соодасында ЕАЭБдин үлүшү 38 пайыз. Былтыр товар айлануу 2016-жылга салыштырмалуу 16 пайызга өстү", — деди президент.

Президент РФ В. Путин провел совещание по вопросам обеспечения технического переоснащения Вооруженных сил - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташуу келишимине кол койду
Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр Кыргызстан Казакстан, Россия жана Белоруссия менен атаандаша аларын далилдеди. Дагы бир артыкчылыгы — Россияга иштөөгө барган кыргыз мигранттарына бир топ жеңилдиктер берилди.

"Биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Жашыра турган нерсебиз жок. Чогулуп, көп нерселерди талкуулап, кээде уруша кеткен учурлар болот. Жашырганда эмне, ар бир лидер өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын, бакубат турмушун ойлойт да. Мындай учурда Владимир Владимирович баарыбызга калыс болуп турат", — деди Жээнбеков.

Сөзүнүн аягында президент Кыргызстан көптөгөн өлкөлөр менен кызматташарын, бирок ЕАЭБди мамлекеттин келечеги деп эсептей турганын айтты. Ошондой эле Россия стратегиялык өнөктөш экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0