Ноябрда тышкы карыз жана башка чыгымга корогон акчанын көлөмү айтылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США.
Доллары США. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң көп чыгым айлык акы төлөөгө жумшалды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 2018-жылдын ноябрь айында республикалык бюджеттен ар кайсы чыгымдар үчүн 11,2 миллиард сом кетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган сумманын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына — 2 миллиард 552 миллион сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарга — 766 миллион сомдон ашыгыраак акча, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 4,7 миллион сом бөлүнгөн.

"Мамлекеттик тышкы жана ички карызды тейлөөгө — 1,6 миллиард сомго жакын бюджеттик каражат жумшалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми "Имараттар жана курулуштар " беренеси боюнча чыгымдар — 688,7 миллион сомду түздү.

Калган каражат башка беренелер боюнча сарпталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0