07:29 17 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Күйүүчү жана майлоочу майлар. Архив

Кыргызстанда бензин кымбаттайбы? Бийликтин жообу

© Sputnik / Эмиль Садыров
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
344 0 0

Нефтетрейдерлер ассоциациясы жаңы жылдан тарта күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы кескин кымбатташы мүмкүн деп коңгуроо кагууда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылдан кийин күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы кымбаттабай турганын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Бүгүн, 3-декабрда, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы 1-октябрга чейин Россия менен индикативдик балансты (күйүүчү майды бажы алымы жок жеткирүү) макулдашуу керек болгонун, бирок ал дагы деле ишке аша электигин маалымдаган. Андыктан 2019-жылдын 1-январынан тарта бензиндин баасы 2, 5 – 3 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылган.

"2018-жылдын октябрында биздин мамлекеттик комитет менен Россиянын Энергетика министрлигинин ортосунда сүйлөшүү жүрдү. 2019-жылга карата алып келе турчу көлөм быйылкынын деңгээлинде калды. 22-ноябрда биз Энергетика министрлигине кийинки жылдын балансына кол коюуга даяр экенибизди билдирип маалымат жөнөттүк. Жакында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги кол коюу үчүн Москвага барат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик комитет быйылкы жылга карата күйүүчү жана майлоочу майдын көлөмү тууралуу маалымат берди: бензин 460 миң тонна, дизель майы – 485 миң, авиакеросин – 100 миң тонна, нефти – 50 миң тонна. Ошол эле учурда Россия тарап эгер Кыргызстанда майды колдонуу көлөмү арта турган болсо, планды кайрадан карап чыгууга сөз берген.

Белгилер:
дизель, күйүүчү-майлоочу каражат, бензин, Кыргызстан, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ