Парламент 2019-жылдын бюджетин 10 млрд. сом дефицит менен жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта Кыргызстана — сом
Национальная валюта Кыргызстана — сом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө бюджети үч окууда бирдей каралып колдоо тапты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын, 2018-жылдын бюджетине киргизилген толуктоолорду жана 2019-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун үч окууда бирдей жактырды. Ар бир жылдыкы өз-өзүнчө добуш берүү менен кабыл алынды.

Парламенттин жыйынына өкмөттүн толук курамы келип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Бүгүн, 29-ноябарда, саат 11:00дө башталган талкуу кечки саат 21.30да соңуна чыкты.

Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Депутат "Элдик бюджет" түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады. Максаты жана мааниси
Белгилей кетсек, 2019-жылдын бюджети 151 миллиард 454 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 161 миллиард 710 миллион сомду түздү. Бюджеттин тартыштыгы 10 миллиард сомго жетет.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорлорун кантип кароо керектигин талашып-тартышышты. Жыйынтыгында үч жылдын бюджетин бир кароо чечимин кабыл алышкан.

Эл өкүлдөрү бюджеттин аткарылышы, кийинки жылдарга пландалган иштер, аймактарды өнүктүрүүгө берилген каражаттар, айыл чарба продукцияларынын сатылышы, ишкердикти колдой турчу фондулардын ишмердиги тууралуу суроолорду беришти.

Ошондой эле социалдык маселелер тууралуу, анын ичинде мектептердин, бала бакчалардын курулушу, билим берүү жаатында дагы суроолорду узатышты.

Андан сырткары, өлкөнүн экономикасына чоң таасир бере турчу "Кумтөр" кенинин айланасында болуп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө кызыгып, Бишкек шаарында "Элдик бюджет" сынамык долбоорун ишке ашыруу тууралуу сунуштарын беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0