Парламентте "Кумтөрдөн" 2017-жылы 600 миллион сом түшпөй калганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗолоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы бул боюнча өзүнүн пикирин айтты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков 2017-жылы "Кумтөрдөн" 600 миллион акча түшпөй калган деген маалыматтын чын-төгүнүн парламенттин жалпы жыйынында сурады.

Депутаттар азыр 2017, 2018 жана 2019-жылдарга карата бюджетти карап жатышат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев эмне үчүн андай болуп калганын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

"2017-жыл боюнча директорлор кеңеши ушул сумманы акционерлерге берүү үчүн чечим кабыл алышы керек болчу. Бирок андай чечим кабыл алынган жок. "Кыргызалтынга" акционер катары дагы, башка акционерлерге дагы дивиденд берилген эмес. Ошондуктан биз ал сумманы алган жокпуз", — деди ал.

Депутат ошондой эле нефтини кайра иштете турган "Жунда" заводу мамлекетке канча салык төлөгөнүнө кызыкты.

Бюджеттин аткарылышы жана анын божомолу боюнча чакырылгандар бул ишкана 2017-жылы 2 миллиард 200 миллион сом салык төлөгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0