Кыргызстандыктар ноябрда электр энергиясы үчүн көбүрөөк төлөмөй болду

Жазылуу
Кыргызстандын эли быйыл ноябрда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу электр энергиясын көп колдонгон.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктар ноябрь айында электр кубаттуулугу үчүн мурункуга караганда көбүрөөк акча төлөйт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын расмий сайтында маалымдалды.

Кечки Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бир катар бөлүгү 26-ноябрда жарыксыз калат. Тизме
Ага ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акча көп чыгып келет. Буга ноябрь айы суук болгондуктан эл электр энергиясы 24 пайызга көп колдонулганы себеп экени айтылды.

Эгер эл 2017-жылдын ноябрь айында 573 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарптаса, быйыл ноябрда алдын ала эсептөө боюнча 710 миллион киловатт-саат пайдаланылган.

"Түндүкэлектр" ишканасы электр жарыгы өчүп калбашы үчүн эсепти убагында төлөө керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0