Баткен менен Таласты таза суу менен камсыздоого 50 млн. доллар насыя берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековСуу көтөрүп бараткан кыз. Архив
Суу көтөрүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыя 30 жылга 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткен жана Талас облустарын ичүүчү суу менен камсыздоого Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ислам өнүктүрүү банкынын Аймактык өкүлчүлүгү тобунун директору Хишам Талеб Маруф менен жолугушту.

Тараптар Баткен жана Талас облустарын ичүүчү суу менен камсыздоочу айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан финансы каражаттарына тийиштүү маселелерди талкуулаган.

Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: быйыл Кыргызстан бизнес жүргүзүү рейтингинде жети баскыч алдыга жылды
Калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 23-ноябрда Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 20 миллион долларлык насыя берүү боюнча сүйлөшүү болду.

Белгилей кетсек, буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга өлкөгө кошумча түрдө 30 миллион АКШ долларын сунуштаган жана баштапкы сунушталган пайыздык үстөктү 1 пайыздан 0,75 пайызга чейин төмөндөттү. Насыя 30 жылга 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилет.

"Жалпы суммасы 50 миллион долларлык бул финансылык каражаттар жогоруда аталган финансы институттары тарабынан жактырылган Концепциянын алкагында Баткен жана Талас облустарынын 91 айылын ичүүчү суу менен камсыздоого багытталат. Бул долбоор алдыдагы 4-5 жылдын ичинде ишке ашырылмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Келишимге ылайык, бул долбоорду Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү сууну камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаменти менен Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) уюму ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0