Быйыл республикалык бюджеттин кирешеси бекитилгенден ашты

Жазылуу
Жыл аягына чейин ИДПнын көлөмү 2,8 пайыздык деңгээлде болот деп болжолдонууда.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 миллиард сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 миллиард сомго көп (бекитилгени – 140,9 млрд сом). Бул тууралуу премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.

Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: быйыл Кыргызстан бизнес жүргүзүү рейтингинде жети баскыч алдыга жылды
Ал ошондой эле чыгаша бөлүгү 157,2 миллиард сомду түзгөнүн айтып, бюджетти баланстоо үчүн мамлекеттик органдардын чыгашасы кыскартылып жатканына токтолду. Тактап айтканда, товарларды сатып алууда үнөмдөө иштери жана күнүмдүк чыгымдар 4 миллиард сомго оптималдаштырылган.

Жыл аягына чейин ИДПнын көлөмү 2,8 пайыздык деңгээлде болот деп болжолдонууда, башкача айтканда 558,4миллиард сомду түзөт. 10 ай ичинде ИДП 2 пайызга өскөн, ал эми Кумтөрдү кошпогондо ИДПнын көлөмү 2,6 пайызга көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0