Өкмөт: быйыл Кыргызстан бизнес жүргүзүү рейтингинде жети баскыч алдыга жылды

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги экономики года в Кыргызстане
Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары, "Глобалдык атаандаштык" индекси боюнча да алдыга жылуулар бар.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингиндеги абалы жети баскычка жакшырды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.

Ага ылайык, аталган рейтингде Кыргызстан 77-орундан 70-орунга көтөрүлгөн.

Өкмөт башчынын ырасташынча, КР 4 позиция боюнча өз абалын жакшырта алган.

Алар:

  • "Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү" (37 позицияга көтөрүлдү);
  • "Эл аралык соода" (14 позицияга жакшырды);
  • "Миноритардык инвесторлорду коргоо" (13 позицияга көтөрүлдү);
  • "Контракттарды аткарууну камсыз кылуу" (8 позицияга жакшырды)

Ошондой эле "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде да алдыга жылыштар байкалган. Андан сырткары, "Глобалдык атаандаштык" индекси боюнча беш тепкичке көтөрүлүп, 102-орундан 97-орунга жеткен. Бул индекс улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулагандыгынан кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0