Абылгазиев: мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамды өзгөртүү керек

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алууга катышкан компаниялар товарлардын 80 пайызын тыштан алып келет.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларга 3 425 мамлекеттик уюм катышып, 72,8 миллиард сомго сатып алуу болгонун айтты.

Парламентте 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатышат.

Абылгазиев мамлекеттин сатып алууларга катышкан ишканалары товарлардын 80 пайызын тыштан алып келгенине токтолду.

"80 пайыз товарлар тыштан импорттолуптур. Бала бакчага берилчү сүттүн кээ бирин сырттан алат экенбиз. Эмерек дагы импорттолот. Мына ушулардын бардыгынын саясатын өзгөртөлү деп жатабыз. Трансформатор чыгарган завод банкрот болуп азыр имараты бош турат. Кабель чыгарган заводду талкаладык, аны башка жактан сатып алып жатабыз. Электр эсептегичтерди өзүбүз жасай албай жатабыз. Электр компаниялары 10 миллиард сомго аны тыштан сатып алып жатышат. Салыктардан түшкөн каражатты башка мамлекеттин экономикасына салып берип коюп жатабыз", — деди Абылгазиев.

Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Рыспаев: тендер системасы экономиканы артка тартып жатат
Премьер 72 милилард сомдун жарымы — 36 миллиард сомду өзүбүздүн өндүрүштү колдогонго жумшап, сатып алуунун баарын өзүбүздөн алсак, жергиликтүү ишкерлерге 300 миллион доллардан 500 миллион долларга чейин инвестиция кылмакпыз деди.

"Мына ушул саясатты колдош үчүн биз сатып алуу боюнча мыйзамды түп-тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирдик, Евразиялык биримдикке кирдик, бирок бизде өндүрүшчүлөрдү колдогон көзгө көрүнөрлүк бир да келишим жок. Импорттолгон товар менен жабдылуучу экономиканы куруп жатабыз", — деди өкмөт башчысы.

Ал ошондой эле 2019-жылдан баштап мамлекет экономиканы көтөрүүдө негизги инвестор болушу керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0