Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн 13 млн. доллар сатты

© AFP / BAY ISMOYOАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул экинчи интервенция, бир жума мурда Улуттук банк 11 миллионго жакын сом саткан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 12-ноябрда, Улуттук банк 12,9 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.

Майлуу-Суу электр лампа заводунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенүү кыйын! Убагында бул 9 товар Кыргызстандан бүт дүйнөгө тараган
Улуттук банк интервенцияны түрдүү кырдаалдарда жасап турат. Негизги себептердин бири — сомдун кунун кармап туруу. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда валютанын баасы талап менен сунуштун деңгээлине жараша аныкталат.

5-ноябрда Улуттук банк 10 миллион 850 миң доллар саткан. Ал эми кечээ күнү, 12-ноябрда, 12,9 миллион доллар сатылды.

Учурда акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда доллар 69,9 сомдон сатылып, 69,8 сомго сатып алынууда.

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунан 20 миллион 550 миң доллар сатып алып, 76 миллион сатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0