Ишенүү кыйын! Убагында бул 9 товар Кыргызстандан бүт дүйнөгө тараган

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүү"Майлуу-Суу" электр лампа заводунун кызматкери. Архив
Майлуу-Суу электр лампа заводунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Советтик Кыргызстандын бул товарларын Кубада да пайдаланышкан. Sputnik Кыргызстандын редакциясы Кыргыз ССРинде өндүрүлгөн товарларды тизмектеп чыкты, окуганда ар бири көз алдыңызга тартылат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Совет доорунда өлкө аймагында беш жүздөн ашуун ири ишкана ачылган. Алар өндүргөн товарлар ондогон чет өлкөгө жөнөтүлүп турган. Өлкөдө чыгарылган буюмдардын көбү Cоюз боюнча жана анын чегинен тыш да сапаты менен даңазаланып турган.

ЭВМ (ЭЭМ). "Электрондук эсептөөчү машина" термини чагыбызда байыркынын жаңырыгындай угулат, бирок 40 жыл мурун ЭЭМ Фрунзе заводунун жамааттары илим жана техника тармагында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары болгон. Ишкана балдар оюндарын, жарык менен коштолчу музыкалык аспаптарды, тамга терүүчү машиналар жана башка техниканы чыгарар эле. Бул буюмдар ГДР, Индия, Финляндия, Кубага жиберилчү.

Фото: Эх-хх, Фрунзе кандай эле! Борбор шаардын кайдыгер калтырбаган сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Эх-х, Фрунзе кандай эле! Борбор шаардын кайдыгер калтырбаган эски сүрөттөрү
Кийим. Пахта, жүн, шайы… Советтик Кыргызстанда бул кездемелердин баары жылына миллион метрлеп өндүрүлчү, жеңил өнөр жай жумушчуларынын саны боюнча машина куруу тармагын кууп жетип калган. Ал эми дүң өндүрүм боюнча ага теңдеш тармак жок эле. Тек гана Фрунзе трикотаж бирикмеси жылына 50 миллион рублге кийим токуй турган. Кыргыз ССРинде тигилген куртка, пальто жана плащтар Түркия, Алжир, Монголиядагы эл аралык жармаңкелерге катышкан.

Бут кийим. "Чолпон" фабрикасынын баягы "гусарикалары" көпчүлүктүн эсинде, бирок ишкананын өндүрүмдөр түрү кеңири эле, мектепке чейинки балдардын ботинкеси гана эмес, буркалар, хром өтүк жана текстилдик туфлилер чыгарылчу. Жарым кылым оболу Кыргыз ССРинде миллиондогон түгөй бут кийим даярдалганын азыр элестетүү кыйын.

Антибиотиктер. Туура элүү жыл мурун Чыгыш өндүрүш аймагында антибиотик чыгаруучу Фрунзе заводу пайда болгон. Анын өндүрүмдөрү бүткүл Советтер Союзунун аймагына таркатылган. Кыргыз ССРинде чыгарылган жемге кошулчу кошулмалар менен антибиотиктер коңшу өлкөлөрдөн сырткары башка мамлекеттерге чейин экспорттолчу. 1982-жылы завод медицинада пайдаланылчу чыныгы аминокычкыл жана ветеринардык препараттар менен бирге 65 миң килограммдын тегерегинде продукция өндүргөн.

Фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Колдон талашып алып кеткен кыргыздын 8 товары. Тизме
Лампочка. Даңазалуу "Майлуу-Суу" электр лампа заводу жөнүндө уктуңуз беле? Ишкана алгачкы лампочкасын жарым кылым мурун чыгарган. Ачылганынан тогуз жыл өтпөй завод жылына үч жүз миллиондон ашуун электр лампа чыгара алган долбоордук кубаттуулукка жеткен. Көп өтпөй ишкана ачылышына кеткен чыгымдарды актаган, ал эми өндүрүштүн кубаттуулугу жогорулап отурган.

Кир жуугуч машина. Кеп атагы чыккан "Киргизия" машинеси тууралуу жүрүп жатканын болжоо татаал эмес. Убагында ал сапаты жана көпкө кызмат өтөгөндүгү менен даңкталган. Ал кир жуугуч машинаны бузуу үчүн чоң күч талап кылынмак. "Киргизияны" бир нече муун жакшы билет, айрым кыргызстандыктар ушул убакка дейре пайдаланып келет! 40 жылча илгери Кыргыз ССРи жылына 140 миң кир жуугуч машина чыгарчу.

Тамак-аш жана суусундук. Советтик Кыргызстандын шампаны менен шарабы эл аралык сынактарда бир нече ирет жеңген. Маселен, Будапештте биздин бул өндүрүмдөрүбүздү эки алтын медаль менен сыйлашкан. Ошол маалда Шампан-шарап комбинаты шараптын 30, шампандын 6 түрүн, шире жана коньяк чыгарчу. 80-жылдары ишкананын конвейери аркылуу жылына алты миллион бөтөлкө өтүп турган. Эт, кант, сүт, консервалар — мындай негизги азыктарды өндүргөн заводдор да союздук коңшу республикаларга жөнөтчү.

Международная универсальная выставка товаров YugExpo 2017 в Оше - Sputnik Кыргызстан
Сокулуктагы ишкана жылына 100 миң жуп бут кийим чыгара баштайт
Патрондор. Алар гана тургай, пресс, станок, комбайн чынжырлары — булардын баарын Ленин атындагы Фрунзе станок чыгаруучу заводу чыгарган. Өндүрүш үлкөнү болгон бул ишкананын тарыхы Улуу Ата Мекендик согуш башталган кезге барып такалат, дал ошол маалда Лугансктагы патрон заводу Кыргыз ССРине көчүрүлгөн. Ушул тапта ал "Бишкек машина куруучу завод" катары белгилүү.

Пресс-подборщиктер. Чабылган чөптү жыйноочу машина – айыл чарбасында алмашкыс буюм. Советтик Кыргызстанда пресс-подборщиктер отуз жыл бою чыгарылган. Алардын өндүрүшү 16 жыл мурун токтотулса да андай машиналарды сатып алуу жана сатуу боюнча жарыялар Интернетте дагы деле айланат. Ошондой эле өлкөдө автосамосвал, станок, электр кыймылдаткычтары, радиаторлор да чыгарылчу… Фрунзе заводунун техникасы союздук республикаларга гана тургай, Болгария, Монголия, Венгрия, Индияга чейин жеткирилчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0