Жогорку сот менен баш прокурордун эмне байлыгы бар? Декларация

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешГенпрокурор КР Откурбек Жамшитов
Генпрокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун төрайымына караганда баш прокурор азыраак акча иштеп тапкан. Бирок мүлкү көбүрөөк экени айтылат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы баш прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын декларациясын жарыялады.

Анда 2017-жылда иштеп тапкан киреше көрсөтүлөн.

Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев былтыр 100 миллион сомдон ашык каражат тапкан
Башкы көзөмөл органынын башчысы 806 миң сомдон көбүрөөк акча таап, бир сомун да короткон эмес. Аянты 600 чарчы метрлик жер тилкеге ээлик кылат. Кыймылдуу мүлктөн 150 миң сомдук эмереги, 550 миң сомго бааланган малы бар. Жакын тууганына болсо 41 чарчы метр аянттагы батир жана 120 миң сомдук мал катталган. Анын бир жылдык чыгашасы 128 миң сомду түздү.

Ал эми Гүлбара Калиеванын жылдык кирешеси 1,1 миллион сомду түзсө, жакындары 704 миң сомго иштеген. Анын да, туугандарынын да мүлкү жок. Калиева 2017-жылы Жогорку сотто судья болуп иштеген учуруна карата маалымат берген. Бул кызматка ушул жылдын 22-сентябрында шайланды.

Ага чейин Жогорку сотту Айнаш Токбаева башкарып турган. Анын кирешеси 1,3 миллион сомго жетсе, айыл чарба багытындагы жер тилкеси 750 чарчы метр аянтты түзөт. Мындан сырткары, 130 миң сомдук зер буюмдары, 24 миң сомдук малы бар. Туугандары 67 чарчы метрлик батирге ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0