Жээнбеков улуттук стратегиянын аткарылышын өзү көзөмөлдөрүн айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР
Рабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2018-2040-жылдарга карата улуттук стратегиясы бекитилди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

"Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйналышынын жүрүшүндө (мындан ары — Улуттук кеңеш) айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алып, 2018-2040-жылдары КРны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары — 2040 стратегиясы), анын ичинде "2023-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары" бекитилсин", — деп айтылат Жарлыкта.

Анда ЖКга, сот бийлигинин органдарына, өкмөткө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2040 стратегиясына ылайык келтирүү сунушталышы керектиги айтылган.

Улуттук кеңештин катчылыгы:

— мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн арасында 2040 стратегиясын жайылтууну камсыз кылсын;

Президент КР Сооронбай Жээнбеков на совещании по вопросам реализации судебно-правовой реформы - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков сотторго: маселени ишке ашырмайын тынч уктайм деп ойлобогула!
-2040 стратегиясынын аткарылышына мониторингди жана баалоону туруктуу негизде бийликтин ар кандай бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүп турсун;

— Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен бирдикте 2040 стратегиясынын приоритеттерин кайра карап чыгуу жана оңдоо максатында белгиленген тартипте өлкөнүн өнүгүүсүнө жыл сайын талдоо жүргүзсүн жана талдоонун натыйжаларын Улуттук кеңеште карасын.

Жээнбеков Жарлыктын аткарылышын жеке өзү көзөмөлдөй тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0