ЖК: Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолуна 68,5 млн. доллар насыя берүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековТүндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулуш иштери. Архив
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альтернативдүү трассанын Бишкек-Торугарт жолундагы Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүн (68 чакырым) каржылоо маселеси чечилбей турган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна 68,5 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 9,5 миллион доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Учурда анын Бишкек-Торугарт жолундагы Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүн (68 чакырым) каржылоо маселеси калган. Жолдун калган бөлүгү каржыланып бүткөн.

"Буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Аталган банк Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн. доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя менен 9,5 млн. доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр", — деген Жусубалиев.

Маалыматта насыяны жабуу мөөнөтү 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү 8 жыл экенин кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0