35 миң киши иштейт дешти. Премьер логистикалык парктын курулушуна капсула салды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген "Silk Way" индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген Silk Way индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Silk Way" индустриалдык-логистикалык паркынын курууга 200 миллион доллар сарпталат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген "Silk Way" индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген "Silk Way" индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген Silk Way индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген "Silk Way" индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевДолбоор кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программаны аткаруунун алкагында ишке ашырылууда
Долбоор кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программаны аткаруунун алкагында ишке ашырылууда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Долбоор кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программаны аткаруунун алкагында ишке ашырылууда
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАбылгазиев аталган завод ишке берилсе ата мекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болоору билдирди.
Абылгазиев аталган завод ишке берилсе ата мекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болоору билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Абылгазиев аталган завод ишке берилсе ата мекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болоору билдирди.
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районунда 35 миң адамды жумуш менен камсыздайт деген "Silk Way" индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салды
2/3
Долбоор кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программаны аткаруунун алкагында ишке ашырылууда
3/3
Абылгазиев аталган завод ишке берилсе ата мекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болоору билдирди.

Долбоор кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программаны аткаруунун алкагында ишке ашырылууда.

"Silk Way Индустриалдык паркы" ишканасынын жетекчиси Адилет Кубанычбеков парктын аймагында бут кийим, текстиль продукцияларын өндүрүү боюнча 112 тармактагы фабриканын курулушу пландаштырылып жатканын айткан.

Абылгазиев аталган завод ишке берилсе ата мекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болоору билдирди.

"Бүгүн чоң майрам. Анткени 70 гектар жерде жайгашкан жана 35 миң жумушчу орунду түзө турган көлөмдүү индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталууда. Аталган парктын салууга 200 миллион доллар сарпталат. Масштабдуу долбоорго тартылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды", — деди Абылгазиев.

Картошка түшүмүн жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дыйкандын убалы кимге. Айыл чарба министрлигиндеги 5 миң адам эмне кылып отурат
Өкмөт башчы мындан сырткары ишкерлерди колдоо максатында жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу үчүн "Айыл банкты" капиталдаштырууга 1 миллиард сом бөлүнөөрүн айтты. Ал эми экспортко багытталган продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген дыйкандарды, малчыларды колдоо үчүн "Кепилдик фондуна" 300 миллион сом бөлүнөт.

Белгилей кетсек, долбоор ALPHA CARGO, Opal Mining Co.Ltd, YbHD Logistic Group жана Saphire Artstone Group компаниялары тарабынан ишке ашырылууда.

Курулуш иштери 2019-жылдын башында жана 2020-жылдын ортосунда эки баскыч менен жүргүзүлөт. Silk Way паркынын аймагында 6 негизги сектор болот.

Алар:

— Административдик-ишкердик курулуштар аймагы;

— Бажы-логистикалык терминал;

— Ири көлөмдөгү, кубаттуулуктагы транспортторду тейлөө;

— Өнөр жай жана административдик-коммуналдык курулуш аймагы;

— Парктык-рекреациялык аймак;

— Инженердик-техникалык аймак.

Мындан тышкары индустриалдык парктын концепциясында тигүү жана текстиль тармагындагы адистерди даярдоо боюнча кесиптик окуу жайын негиздөө камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0