"Кумтөр" кытай компаниясына сатылганы жатабы? "Кыргызалтындын" жообу

Жазылуу
ЖМКларга "Кумтөрдү" иштетүү долбоору менен Centerra Gold компаниясынын акциясы кытай компаниясына сатылганы жатат деген маалымат тарап кеткен.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Кыргызалтын" ААКсы "Кумтөр" алтын кени кытайлык Shadong Gold компаниясына сатылат делген маалыматка түшүндүрмө берди.

Айрым ЖМКларга Centerra Gold компаниясы менен "Кумтөр" долбоорунун акциясы сатылганы жатат деген маалыматтар тарагандан кийин "Кыргызалтын" Centerra Gold компаниясына расмий билдирүү жөнөткөн.

Буга канадалык компаниянын өкүлдөрү ишкана коомдук болгондуктан үчүнчү тараптардан анын ичинде кытайлыктардан ар дайым түрдүү сунуштар келип турарын билдирип, муну кадимки эле көрүнүш катары түшүндүргөн.

"Centerra Gold мындай сунуштардын кайсы бири экономикалык жактан кызыкчылыктарды жаратып жок дегенде сүйлөшүү стадиясында болсо да, сөзсүз түрдө Кыргызстандын өкмөтү жана "Кыргызалтын" ишканасы менен макулдашмак. Муну өздөрү дагы тастыкташты", — деп "Кыргыз алтындан" кабарлашты.

Алар ошондой эле маанилүү чечимдер бардык акционерлердин катышуусунда гана кабыл алынарын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0