Армения Евразия форумун өткөрүү эстафетасын Кыргызстанга тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумга алты тармакта кызмат көрсөткөн компаниялар катышты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Евразия жумасы" форумун өткөрүү эстафетасы Армениядан Кыргызстанга тапшырылгандыгын Sputnik Армения жазды.

Кийинки иш-чара Кыргызстандын аймагында боло тургандыгын Еревандагы форумду жыйынтыктап жатып Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Вероника Никишина билдирди.

БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) Борбор Азия университети менен биргеликте Улуттук көркөм сүрөт музейинде Жаштар форумун өткөрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 13 өлкөнүн өкүлү катышкан жаштар форуму өтүп жатат
Мурдагылардан айырмаланып бул ирет стенддер географиялык принциптер боюнча эмес, тармактарга бөлүнгөн. Мында айыл чарба, жеңил өнөр жайы, курулуш, фармацевтика, маалыматтык технология, зергерчилик менен алектенген компаниялар өз кызматтарын эл сынына коюшту.

Никишина кийинки форумдун күн тартибине Еревандагы талкуу учурунда көтөрүлгөн маселелерге жооп иретиндеги отчет кире турганын белгиледи.

Арменияда өткөн форумга 101 компания катышкан.

"Кызматташуу боюнча 40ка чукул келишим түзүлдү", — деди Никишина.

"Евразия жумасы" III эл аралык форум Ереванда 22-24-октябрь күндөрү өттү. Биринчиси 2016-жылы Москвада, андан кийинкиси былтыр Астанада болгон. Иш-чара жылына ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн 2000ден ашуун адамдын башын бириктирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0