"Электр станциялары": Кыргызстандыкына караганда казак көмүрү арзан түшөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОбогатительная фабрика "Каскад" ОАО "Кузбасская топливная компания"
Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук берүү мезгилинде жылына Кыргызстандан 600 миң тонна, Казакстандан 400 миң тонна көмүр алынат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жылуулуктун бир гигакалорийин чыгарууга кеткен Казакстан менен Кыргызстандын көмүрүнүн баасында кандай айырма бар экенине кызыгып, кара алтындын бир тоннасы канча турарын сурады.

Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндөгү маселени карады.

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Аскар Эшимбеков жылуулук берүү мезгилинде жылына Кыргызстандан 600 миң тонна, Казакстандан 400 миң тонна көмүр алынып, бир жылда 2 миллион 200 миң калорий иштеп чыгарыларын айтты.

Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Рыспаев: тендер системасы экономиканы артка тартып жатат
Ошондой эле Казакстандын көмүрүнүн бир тоннасы 3500 сом болсо, Кыргызстандыкы 3050 сом экенин кошумчалады. Андан сырткары, бардык кеткен чыгымдарды жана төлөмдөрдү кошкондо Казакстандыкы 51 доллар, Кыргызстандыкы 71 долларга айланарын баса белгиледи.

Өз кезегинде депутат Рыспаев жергиликтүү көмүр алыш керек деп кыйкыра бербей, кайсы көмүр арзанга турарын билип, иштин экономикалык жагын да кароо керектигин белгиледи. Андан сырткары, жергиликтүү көмүрдү алып келүүдө аны арзандатуунун жолун өкмөт карап чыгышы керектигин айтты. Ошондой эле жергиликтүү көмүрдү казууда экскватору жок, же жүктөй турган техникасы жок компаниялар тендерден утуп алып жатканын да билдире кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0