Рыспаев: тендер системасы экономиканы артка тартып жатат

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловКожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мамлекет тендер аркылуу Кытайдын сапатсыз товарлары алып кайра эки үч эсе чыгым тартууда.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар, башкача айтканда тендерлер экономиканы артка тартып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев комитеттин жыйынында билдирди.

Парламенттин тармактык комитети 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндөгү маселени карап жатат.

Рыспаев тендердин айынан ишканалар керектүү нерселерди түз сатып ала албай, кымбат алып жатканын белгиледи.

"Эгер керектөөлөр түз сатып алынса эки эсе, беш эсе арзан түшмөк, бирок ортомчулар бааны каалагандай калчап жатат. Мазут, көмүр айтор баары кымбат алынууда. Стратегиялык маанидеги объектилер ушунун айынан аксап жатат. Тендер дегендин кереги деле жок", — деди депутат.

Ал ошондой эле тендердин айынан сапат деген нерсе өлгөнүн айтты.

Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейи качан ачылат? Чубактын кунундай чубалган реконструкция
"Мына Кытайдын сапатсыз товарларын алып кайра эки үч эсе чыгым болуп жатабыз. Тендер өтпөй калып бөлүнгөн каражаттар өздөштүрүлбөй калууда. Эми өкмөттү дагы күнөөлөгөнгө болбойт. Алар бул ишти аткарбай койсо эртең Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен прокуратурадан келип кишендеп алып кетет. Муну ачык айтыш керек. Өкмөт кескин чараларды көргүлө да", — деди ал.

Өз кезегинде биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бул маселе өкмөттө каралып жатканын айтып, аны чечүү жолдору кандай экенине токтолду.

"Тендер деген көптөн бери келе жатат. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери чет элдик донорлордун, институттардын талаптары бар. Биз алардан акча алып жатканда милдеттеме алабыз. Биз ушул маселени чечүү боюнча аракеттерди көрүүдөбүз. Быйылкы жылдын бюджетинин дефицитин 10 миллиард сомго түшүрдүк. Бул көрсөткүч эки-үч жыл мурда 17-20 миллиард болчу. Кийинки жылы 8 миллиард, 2021-жылы 2 миллиард болот. 2022-жылы дефицити жок бюджет менен келебиз. Ошондо гана бул сыяктуу маселелерди столду бир чаап эле өзүбүз чечкенге мүмкүнчүлүк алабыз", — деди Боронов.

Ал ошондой эле көйгөй бар экенин, аны чечүү жагы каралып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0