Казакстан Кыргызстандан алынган эт азыктарына киргизилген чектөөнү алды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСупермаркет "Перекресток" в Москве
Супермаркет Перекресток в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тарап буга чейин эт азыктарына убактылуу чектөө киргизген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан келген эт азыктарына киргизилген убактылуу чектөөнү алды. Бул тууралуу КР Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматы билдирди.

17-октябрдан тарта "Риха", "Кантский хлебзавод", "Баркад", "Салих", "Адал-Азык" компанияларынын продукциялары кайрадан коңшу өлкөнүн аймагына кире баштады.

Ветеринардык инспекция казак тарапка эпизоотикалык абал тууралуу толук маалымат берген.

"Кыргызстандагы эпизоотикалык абал жакшы", — дешти инспекциядан.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 8-октябрда куш тумоосунан улам деп Алматы жана Түндүк Казакстан облустарынан келген канаттуу этине чектөө киргизген. Бир нече күндөн кийин казак тарап да Кыргызстандын аймагындагы мал коркунучтуу оору менен ооруп жатканын жүйө келтирип, эт азыктарын алуудан убактылуу баш тарткан. Кийин Кыргызстан чектөөлөрдү алган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0