Момбеков "Коопсуз шаар" боюнча: тендер деген "теңин бер" деген эле сөз

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын ырасташынча, жооптуу кызматтарда кооптуу жетекчилер иштеп жатат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында жети жылдан бери жолдо калып келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору жөнүндө өкмөткө жана бир катар аткаминерлерге сын айтты.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" боюнча парламентке премьерди чакыруу сунушталды
“Козголбой турган сөз эле козголуп кетти өзү эле дегендей, мен дагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча бир аз кобурап, сиздерди кодулап коёюн дедим. Эмне үчүн бир жылга жетпеген аралыкта “Коопсуз шаар” долбоору эки жолу үзгүлтүккө учурады? Мындайча айтканда, өкмөт эл алдында эки жолу шылдың болду. Эмне үчүн жети жылдан бери долбоор ишке ашпай келет? Ал жемкорлуктун айынан эле ишке ашпай жатат. Тендер деген сөз орусча термин. Анын кыргызча тергелиши "теңин бер" да. Бергендер теңин бер дейт, алгандар кемин беребиз дейт. Ошентип эле келише албай элге шылдың болушту”, — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле кыргыздар төрөлө элек балага ат койбой турганын айтып, ат тандоодо дагы этият болууга чакырды.

“Өкмөт ушул ат койгон жагын да карасаңыздар. Жыл башында “Акылдуу шаар” болчу, мунусу “Коопсуз шаар”. “Акылдуу шаарыңар” айнып кетти, “Коопсуз шаар” жоопсуз шаар болуп калды”, — деди ал.

Момбеков акыркы тендердин талаптары да акылга сыйбаган нерсе экенине токтолду. Анткени алдын ала эсептеген адистер көп нерсени эске алышкан эмес.

Проблема затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Калаадагы унааларды эми нейротармак көзөмөлдөйт. "Коопсуз шаар" тууралуу
“Беш жылдын ичинде инвестор “Вега” концерни өзүнүн короткон акчасын Кыргызстандан чыгарып кетет экен. Аны биздин адистер мындай эсептептир: беш жылдын ичинде он миллион айып пул салынат. Ошонун жарымын биз, жарымын силерге салабыз дептир. Беш жылдан кийин алар кете берсе болот экен. Жылына эки миллион айып салынат деп турат. Ушундай дагы болобу, мен ушундай тендердин талабын биринчи жолу угуп жатам. Ошол беш жылдын ичинде канча айып болот, канча киши майып болот, канча киши набыт болот, аны билбейбиз да. Мына ушул нерсе үчүн эле жоопко тартса болот. Алдын ала анилизди ким берди? Айдоочулар анча жол эрежесин бузбай калса кантебиз. Анда өкмөт инвесторго төлөп бере албай калат да. Ал мөөнөтүнөн мурда кетип калса кайта тендер уюштурубазбы? Бул деген акмакчылык да”, — деди эл өкүлү.

Депутат ошондой эле Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевге бир катар иш козголгонун айтып, жооптуу ишке кооптуу киши келип алганын белгиледи.

“Шаршембиевди дайындап жатканда өкмөт башчыга “жооптуу кызматка кооптуу кишини алып келип жатасыз” дегенимде өкмөт башчы "ал деген ушак" деп болушуп койгон. Мына Шаршембиевге тогуз кылмыш иши козголуптур. Жакында өлкө башчыга да, өкмөт башчыга да ошол кылмыш иштерди тууралуу маалымат берем”, — деди ал.

Момбеков ошондой эле кийинки жумада тармактык комитетте “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өкмөт маалымат бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0