Казакстан Кыргызстандын этине эмнеге чектөө киргизгенин башкы мал доктур айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМясоперерабатывающий комбинат "Кубань" в Краснодарском крае
Мясоперерабатывающий комбинат Кубань в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан 8-октябрда Казакстандан кирген тоок этине чектөө киргизгенден кийин 12-октябрда казак тарап дагы Кыргызстандын эт азыктарын импорттону токтоткон.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Казакстан Кыргызстандан кирген эт азыктарына болгон чектөөнү алып салат. Анткени бул бизге жооп катары кабыл алынган чечим болчу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын директору, башкы мал доктур Калыс Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Казакстандын Айыл чарба министрлигине кат жөнөтүлдү. Казак тарап чектөөнү алууга каршы эмес. Жакынкы күндөрү маселе чечилерине үмүт артабыз, себеби чектөө эскертүүсүз жана эч себепсиз киргизилген. Бул жооп катары көрүлгөн чара болчу, түшүндүңүздөр да", — деди Жумаканов.

Фуа-гра — специальным образом приготовленная печень откормленного гуся или утки - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кымбат, алтынды да басып өткөн азыктар. Тизме
Эске салсак, Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы куш тумоосу жайылууда деген шектен улам Казакстандан тоок эти менен бир катар продукцияны алууга убактылуу чектөө киргизген.  Кийин 12-октябрда Казакстан тарап дагы Кыргызстандан кирген эт азыктарынан баш тарткан

Казакстандагы фермалардан куш тумоосу менен Ньюкасл вирусу катталбаганы аныкталгандан кийин Кыргызстан чектөөнү алып салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0