23:45 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3432
  • EUR80.3514
  • RUB1.0582
Күйүүчү май ташыган цистерналар. Архив

Казакстандан бензин импорттолсо баа төмөндөйбү? Нефтетрейдерлердин жообу

© Sputnik / Юрий Сомов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
321 0 0

Казакстанда мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштери аяктагандыктан ашыкча бензин пайда болду.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эгер күйүүчү-майлоочу каражаттар Казакстандан алып келине баштаса күйүүчү майга болгон чекене баа төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымына караганда, Казакстанда мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштери аяктагандыктан ашыкча бензин пайда болду. Мындан улам экспорт маселеси көтөрүлүүдө. Казакстан буга чейин жетишпеген бензинди Россиядан алып, аны экспорттобоо милдетин алган. Эми болсо Казакстан менен Россиянын сүйлөшүүсүнүн негизинде Казакстан күйүүчү майды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн алды.

"Казакстан күйүүчү майды экспорттогусу келген ар бир өлкө менен өзүнчө келишим түзүшү керек. Алар учурда Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биздин мамлекеттик органдар келишимдин долбоорун кароодо", — деди Кулов.

Ал ошондой эле Казакстандан бензин сатып алуу Кыргызстанга пайда алып келиши мүмкүндүгүн айтты.

"Казакстанда күйүүчү майга болгон баа Россияга салыштырмалуу арзан. Бирок алар бизге канчадан сатары белгисиз. Жеке оюмда Кыргызстанда баалар арзандайт. Бирок бардыгы сүйлөшүүлөрдөн кийин гана белгилүү болот", — деп кошумчалады Кулов.

Кыргызстан күйүүчү майдын көпчүлүк бөлүгүн Россиядан сатып алат.

Тема боюнча

Казакстанда жаңы Lada Granta автоунаалары чыгарыла баштады
Казак тарап Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенине жооп кайтарды
Белгилер:
экспорт, бензин, Мунай, Казакстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ