Бензини арзан өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПовышение цен на бензин
Повышение цен на бензин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер ар кыл өлкөдөгү майдын орточо наркын эсептеп чыккан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы бензиндин баасы дүйнөдөгү арзан деп эсептелген нарктын катарында. Мындай маалымат Globalpetrolprices порталы тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк рейтингде айтылат. 

Кыргызстан 164 мамлекеттин ичинен тизменин 22-сабын ээлеген. Рейтинг түзүүчүлөрдүн эсебинде республикада май орточо эсеп менен 67 центтен сатылса, дүйнө жүзүндө бул көрсөткүч 1,17 долларды түзөт.

Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги
Эң арзан бензин Венесуэлада, бир литри болгону бир центтен. Алдыңкы үч өлкөнүн катарына Иран (29 цент) менен Судан (34 цент) кирген.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы сапка Казакстан (11-орун) менен Өзбекстан (12-орун) чыкты. Бул өлкөлөрдө майдын бир литри 48 жана 52 цент турат.

Бензиндин эң кымбаты Грецияда, анын бир литрин эл 2,21 доллардан сатып алат.

Бишкектеги ири май куюучу жайлар түйүнүнүн расмий сайттарында жайгашкан маалымат боюнча бүгүнкү күндө АИ-92 түрүндөгү бензин орточо 43,3 сом, дизель майы 45,2 сом, ал эми суюлтулган газ 26,25 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0