Кыргызстанда ири завод ачылып, 500 адамды иш менен камсыз кылат

© SputnikОтключение отопления в Бишкеке
Отключение отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жеткен завод 40 миллион долларга курулган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда радиатор чыгарган ири завод октябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинен билдиришти.

ОАО Теплоозерский цементный завод в поселке Теплоозерск под Биробиджаном - Sputnik Кыргызстан
Кара-Көл шаарына цемент заводун куруу пландалууда, бирок УКМК буга каршы
Маалыматка ылайык, 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кыла турган ишканада үйдү жылыта турган радиаторлор жасалат. 40 миллион долларлык инвестицияга курулган заводдун жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жетет.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагында курулган ишканада даярдалган продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоо пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0