Тюмендик ишкер Кыргызстандагы бизнес тууралуу пикирин айтты

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүТекстильные фабрики Uztex Chirchik и Eurotex Global в Узбекистане
Текстильные фабрики Uztex Chirchik и Eurotex Global в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Утешев Кыргызстанда текстиль мынчалык өнүккөнүн бүгүн гана билгенин айтты.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Тюменде геосинтетикалык материалдарды чыгарган компаниянын директору Рустам Утешев Кыргызстандагы ишкерлик боюнча пикирин айтты. Ал Кыргыз-орус бизнес форумуна катышып жатат.

Ишкердин айтымында, чет элдик бизнесмендерге өлкө экономикасы тууралуу маалымат жетишсиз болуп жатат. Ал белгилегендей, көптөр Кыргызстандагы туризм тууралуу гана маалымдар.

"Өлкөдө ири көлөмдөгү текстиль продукциялары чыгарыларын бүгүн гана билип жатам. Буга чейин бул тармак Өзбекстанда өнүккөн болсо керек деп ойлоп жүргөм", — деди ал.

Утешев чет элдик инвесторлорду Кыргызстандагы эмгек акынын төмөндүгү кызыктырышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0